Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
Бишкекте Нүзүп Аталыктын айкели тургузулду
19.09.2025 | 14:26

Бүгүн, 19-сентябрда, Бишкектин Орок айылында XIX кылымдын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Нүзүп Аталыктын айкелинин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Салтанатка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, жазуучулар, тарыхчылар катышкан.
Айкел Жайыл Баатыр, Барпы Алыкулов жана Муромск көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Автору – скульптор Сейит Калбаев. Айкелдин бийиктиги 5,8 метрди түзөт, постаментинин бийиктиги 7 метрге жетет.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы