Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Бордордогу автобуста кош бойлуу келинди ичке тепкен аял кармалды
20.09.2025 | 12:40

Кечээ интернетке тараган видеодо Бишкектеги №212 автобустун ичинде аялдар мушташып кеткен. Видеодо көрүнгөндөй, анда бири экинчисин чачтан тартып чаап жиберген. Мындан улам жабырлануучу эсин жоготкон.
Ленин РИИБден билдиришкендей, окуя кечээ кечинде болгон. Милицияга жабыркаган келиндин байкеси арыз менен кайрылган. Жабырлануучу учурда ооруканада экени кабарланды.
Кылмышка шектелген 20 жаштагы келин да кош бойлуу экени жана анын кичинекей баласы бар экени белгилүү болду.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.