Энергетика министрлиги: Орто-Токой ГЭСинин курулушу 68%га бүткөрүлдүУКМК: Казакстандын жараны З.А. 2,5 млн долларды мыйзамсыз алганы үчүн кармалдыБишкекте 17 жаштагы кыз эркек кишини бычактап, андан кийин өзүнө кол салганБишкекте Ахунбаев көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылдыЖК төрагасы: Парламентти таратуу боюнча келтирилген жүйөлөр негиздүүЫлдамдыкты азайтышпайт. Бишкектин тургуну Салиева көчөсүндө жасалма дөңсөөлөрдүн жоктугуна нараазы
Коронавируска чалдыккандар менен бирге келген зыяратчылар кайсы облустан болушкан?
19.03.2020 | 12:29
12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген 144 адам кайсы облустун тургундары болгону аныкталды. Коронавирусту алдын алуу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлагандай, алардын 142си обсервацияга жаткырылган.
Ал эми эки адам Өзбекстанга чыгып кеткендиктен Тышкы иштер министрлиги аркылуу алардын жүргөн жери такталууда.
Баткен облусу – 8 адам;
Жалал-Абад облусу – 48 адам;
Ош облусу – 63 адам;
Чүй облусу – 4 адам;
Нарын облусу – 1 адам;
Бишкек – 19 адам;
Ысык-Көл облусу – 1 адам.
Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта катталды. Ооруну жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургундары болгон. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.
19-мартка карата коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом