Мамкатчы Жогорку сотто «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган иш-чарага катышты

26.09.2025 | 14:06

Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандын Жогорку сотунда өткөн «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун коомдук-саясий, укуктук жана руханий багыттарын сот системасына терең сиңирүү максатында өткөрүлгөн.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө «Уңгужол» — бул улуттук идеологиянын негизги документи экенин баса белгилеп, анын максаты – адептүү, мекенчил жарандарды тарбиялоо, мамлекеттик институттарды бир багытта өнүктүрүү жана коомдун руханий коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгилеген.

Ошондой эле ал адилеттүүлүк жана мыйзам үстөмдүгү «Уңгужолдун» негизги таянычтары экенин айтып, ар бир сот кызматкерин мыйзамдуулукка жана акыйкаттыкка бекем турууга чакырган.

“Адилет сот – кубаттуу мамлекеттин тиреги. Ар бир кызматкер элдин үмүтүн актай турган ишенимдүү өкүл болушу керек”, – деген Марат Иманкулов.

Scroll to Top