Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Манас шаары. Көчөлөр кырк чоронун ысымдарын алышы мүмкүн
03.10.2025 | 16:55

Манас шаарынын 40 көчөсүнө Манастын кырк чоросунун аттары ыйгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу шаар мэри Эрнисбек Ормоков «Достук» аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.
Шаардагы окшош аталыштагы көчөлөрдүн атын өзгөртүп, алардын ордуна Манас шаарынын символуна ылайык Манастын кырк чоросунун ысымдарын берүү боюнча тапшырма берилди.
Азыр аймактык башкаруулардын жана башкармалыктардын жетекчилери көчөлөрдүн аттарын жергиликтүү тургундар менен тактап чыгышат. Андан кийин көчөлөрдүн жаңы аталыштары шаардык кеңештин тиешелүү комиссиясына сунушталат.