Садыр Жапаров Binance ишканасынын маркетинг боюнча директору Рейчел Конлан менен жолукту

06.10.2025 | 14:24

Бүгүн, 6-октябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Binance ишканасынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушууда виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары жаатындагы заманбап чечимдерди киргизүүнү камтыган санарип экономикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланган.

Садыр Жапаров виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы улуттук валютага, сомго, байланган KGST жаңы санариптик активин чыгаруунун үстүндө иштеп жатканын билдирген.

Президент ошондой эле Улуттук банк менен биргеликте мамлекеттик электрондук валюта, санарип сом, долбоору боюнча иш жүрүп жатканын белгилеген. Платформанын демо-версиясы сыноо режиминде иштеп жатат.

Рейчел Конлан өз кезегинде Садыр Жапаровго жергиликтүү санариптик активдердин экосистемасын түзүү боюнча активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн демилгеси кеңири эл аралык кызыгууну жаратып жатканын билдирген. Ал Binance ишканасы бул долбоорду илгерилетүүгө көмөктөшө аларын баса көрсөткөн.

Ошондой эле Рейчел Конлан Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун Кыргызстанга болгон сапары эл аралык резонанс жаратканын белгилеп, Binance командасы кийинки этаптарга, анын ичинде узак мөөнөттүү илгерилетүү, коммуникация жана билим берүү демилгелерине катышууга даяр экенин билдирген.

Scroll to Top