13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилди
Садыр Жапаров УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты
06.10.2025 | 14:25

Президент Садыр Жапаров УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы заманбап имаратынын ачылышына катышты.
Президенттик администрация кабарлагандай, Ииараттын жалпы аянты 5000 чарчы метрге жетет, ал керектүү жабдуулар, кабинеттер, спорттук комплекс жана ашкана менен камсыздалган. Президент белгилегендей, жаңы имарат УКМКнын ыкчам иш-аракетин жогорулатат жана ички жана тышкы коркунучтарга каршы алдын ала күрөшүүгө өбөлгө болот.
Аземдин соңунда Садыр Жапаров символикалык түрдө имараттын боосун чечип, жаңы инфраструктура менен таанышып, башкармалыктын аймагына бак отургузду.