Аймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилдиБишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилдиБишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирдиКазакстан Starlink интернет-трафигин Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү пландаштыруудаКамила Талиева президент менен Камчыбек Ташиевди ушакчылар уруштурганын айтып, аларды жараштырууну сунуштадыМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болот
Жол оңдоо: Бишкектеги Кулиев көчөсүндө жаңы асфальт төшөөгө даярдык жүрүп жатат
06.10.2025 | 16:11

Бишкекте «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын «Сапат Геодезия» подряддык уюму Кулиев көчөсүн балдар аянтчасынан Максат көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда бригада канализациялык кудуктарды көтөрүү жана жер иштерин пландаштыруу иштерин аткарып жатат. Бул — жаңы жол катмарын төшөөгө даярдык этабы.
Буга чейин аталган тилкеге жолдун абалын жакшыртуу үчүн бир нече жолу шагыл төгүлгөн.
Оңдоо иштери «Көлмө» конушунун тургундарынын коопсуздугун камсыздоого жана жол инфраструктурасынын сапатын жакшыртууга багытталган.