Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Садыр Жапаров Азербайжанга жумушчу сапар менен барды
06.10.2025 | 19:10

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга жумушчу сапар менен барды. Президенттин учагы Габала шаарынын аэропортуна конду, ал жакта аны Азербайжандын илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев баштаган расмий топ тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги саммитине катышат. Саммиттин жүрүшүндө аймактык жана эл аралык саясаттагы маанилүү маселелер каралып, Кыргызстандын ТМУдагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгат.
Жыйындын соңунда Габала декларациясына жана башка чечимдерге кол коюлат, бул Кыргызстандын аймактык интеграциядагы ролун чыңдоого багытталган.