Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Өкмөт «Бала Береке» бир жолку төлөмүн берүү тартибин бекитти
07.10.2025 | 11:13

Министрлер кабинети Кыргызстанда бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» төлөмүн берүү тартибинт бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-январынан баштап төрөгөн энелерге «Бала Береке» бир жолку жөлөк пулунун өлчөмү төмөндөгүдөй болуп белгиленди:
- 4-бала үчүн – 100 000 (жүз миң) сом;
- 5-бала үчүн – 600 000 (алты жүз миң) сом;
- 6-бала үчүн – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
- 7-бала үчүн – 1 000 000 (бир миллион) сом;
- 8-бала үчүн – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом;
- 9-бала үчүн – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
- 10 жана андан көп бала үчүн – 2 000 000 (эки миллион) сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом