Ошто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылдыЭки күн ичүүчү суусуз: Бишкекте 21- жана 22-апрелде пландык өчүрүүлөр болотБишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?
МинКаб жеңил унаалардын кузовун ташып келүүгө убактылуу тыюу салды
07.10.2025 | 11:54

Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинети жеңил унаалардын кузовдорун өлкө аймагына алып келүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алды.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, мындай чара акыркы учурда кузовду алмаштыруу шылтоосу менен унаалардын каттоо маалыматтарын өзгөртүү учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынган.
Мамлекеттик органдар белгилегендей, бул көрүнүш бажыдан өтпөгөн унааларды мыйзамдаштырууга жана кураштырылган автоунааларды мыйзамсыз пайдаланууга алып келүүдө.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам бузуулардын алдын алуу жана көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.
Өкмөт тыюунун мөөнөтү жана күчүнө кирүү күнү тууралуу кошумча маалыматты кийинчерээк жарыялайт.