Бишкекте фура менен жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу милициянын маалыматы жок

07.10.2025 | 12:31

Борбор калаадагы оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы тартылган, соцтармактарда тараган видео тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматы жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда Hyundai Sonata унаасы фура менен кагышып, талкаланып калганы тартылган видео тараган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсыгы Асаналиев көчөсү менен кесилишкен жерге жакын Лев Толстой көчөсүндө болгон.

Шаардык ИИББдин маалыматында, бул окуя ЖМКда жарыяланган маалыматтардын негизинде катталып, териштирүү иштери башталган. Бирок бул кырсык боюнча 102 кызматына же тез жардамга эч кандай маалымат келип түшкөн эмес. Учурда укук коргоо органдары айдоочулардын өздүгүн жана унаалардын жайгашкан жерин аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Scroll to Top