КР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Астанадагы саммитте балдардын ден соолугун жана БА аймагындагы медицинаны талкууладыБишкектин жеке мектептеринде окуу алдыңкы ЖОЖдорго караганда бир нече эсе кымбат экени белгилүү болдуКР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Ирандын элчиси Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулаштыӨлкөдө жаан жаайт: 23-апрелге карата аба ырайыКыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузак
Таласта жайыт жердин катмары бузулган. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду
07.10.2025 | 16:26

Башкы прокуратура Талас районунда жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзам бузуу фактысы аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясы тарабынан Беш-Таш айыл аймагынын “Карьер” участогундагы 2,2 гектар жерден кум-шагыл жана чопо казууга уруксат берилген. Бирок көзөмөлдүн жетишсиздигинен улам жайыт жерлердин катмары бузулган. Натыйжада экологияга 23 млн 430 миң сомдук зыян келтирилген.
Башкы прокуратура аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар