Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Орусиянын элчиси менен жолукту
08.10.2025 | 11:34

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият миниистрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы маданий кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле Кыргызстанда Орусиянын Маданият күндөрүн өткөрүү тууралуу сүйлөшүшкөн. Мындан тышкары, кинематография тармагындагы кызматташтык маселелери да талкууланган. Тараптар биргелешкен кинопроекттерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн караштырышкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-орус маданий өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү максатында көтөрүлгөн бардык демилгелерди практикалык жактан ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантуу тууралуу макулдашышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат