Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду
09.10.2025 | 11:04

Кыргыз балбаны Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу UWW (United World Wrestling) расмий сайты маалымдады.
Маалыматка ылайык, Изабеков 100 килограммга чейинки D категориясында финалдык беттеште америкалык Элвин Риггсти 6:2 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.
Мындан мурда кыргызстандык башка спортчулар да ийгилик көрсөтүштү:
- Эсенбек Байматов (78 кг) жана Роман Сарыбаев (88 кг) — күмүш медаль ээси болушту;
- Аскер Эфендиев (130 кг) жана Таалайбек Джанаев (88 кг) — коло байге алышты.
Ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты учурда Венгриянын Татабанья шаарында өтүп жатат жана 12-октябрда жыйынтыкталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт