Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болду

Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазууда.
ВВСнин маалыматына ылайык, «Талибан» өкмөтү Пакистан аскерлерине түндүк чек арадагы бир нече тоолуу райондордо сокку урганын ырастаган. «Талибан» муну «жооп иретиндеги операция» деп атап, Пакистан Ооганстандын аба мейкиндигин бузуп, бейшембиде анын аймагындагы базарды бомбалаганын билдирген.
Пакистандын Ички иштер министри Мохсин Накви оогандардын чабуулун «чагымсыз» деп атап, аларды карапайым тургундарды аткылагандыгы үчүн айыптаган. Ал Пакистан куралдуу күчтөрү Ооганстандан келген соккуга жооп кайтарарын эскерткен.
Тараптар Пакистандагы Куррам районунда ок атуучу куралдарды жана артиллерияны колдонушкан.
Пакистандын коопсуздук кызматы BBCге чек арадагы бир нече аймактарда, анын ичинде Ангур-Ада, Баджаур, Куррам, Дир, Читрал жана Бахрамчада ок атышуу болгонун кабарлаган.
«Анадолу» агенттигинин маалыматында, Ооган өкмөтүнүн расмий өкүлү Забихулла Мужахид чек арадагы кагылышууларда 58 пакистандык аскер кызматкери каза болуп, 30у жаракат алганын билдирген. Ал эми ооган тараптан 20дан ашуун киши каза тапкан.