Кыргызстан менен Жапония кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулады

Бишкекте Кыргызстан менен Жапониянын расмий өкүлдөрүнүн ортосунда киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу долбоорун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар макулдашуу долбоорунун жоболорун кеңири талкуулашып, жыйынтыгында аталган документтин долбоорун принципиалдуу түрдө макулдашышкан.
Министрлик макулдашууга ар бир тараптын мыйзамдарында каралган ички процедуралар толук аяктагандан кийин кол коюларын билдирди.
Макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдөгү чарбалык субъекттердин кирешелерине эки жолку салык салууну жоюу болуп саналат.
Ошондой эле бир тараптын резиденттерин экинчи тараптын аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоого, салыктарды төлөөдөн качуу жана макулдашуу жоболорун кыянат пайдалануу учурларынын алдын алууга, ошондой эле эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.