Бет кап, витрина жана 7 мүнөт: Луврдагы тоноо видеого түшүп калган
Лувр музейиндеги тоноодон кийин Францияда чоң ызы-чуу жаралууда. Белгисиз эркек киши өзүн жумушчу катары көрсөтүп, атактуу Аполлон галереясындагы витринаны эч шек жаратпай ачкан. Ошол маалда анын жанынан өткөн туристтер эмне болуп жатканын байкабай да калышкан.
Франциялык ЖМКлардын маалыматында, бул кылмыш кылдат даярдалган операциянын бир бөлүгү болгон. Полиция окуя болгон жерден скутер менен качып кеткен төрт ууруну издеп жатат. Алар музейден Наполеондун жана ханыша Жозефинанын зер буюмдар коллекциясынан сегиз экспонатты: шуру, брошь жана диадеманы уурдап кетишкен. Окуя болгон жерде баалуу таштар менен кооздолгон таажы гана калган.
Париждин башкы прокурору Лора Беко билдиргендей, иликтөөгө алтымыштай тергөөчү тартылган. Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньес бул операцияны «абдан тажрыйбалуу топ» жүргүзгөнүн жана ага даярдык бир топ убакыт кеткенин белгиледи.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкерлер керектүү залга кирүү үчүн жүк көтөрүүчү лифтти колдонушкан, терезени сындырып, түз эле Аполлон галереясына киришкен. Бардык операция жети мүнөттөн ашык созулган эмес.
Бул Луврдагы акыркы 27 жылдагы алгачкы тоноо. 1998-жылы музейден Камиль Коронун «Севрге жол» аттуу сүрөтү уурдалган. Көп жылдар бою жүргүзүлгөн иликтөөгө карабастан, бул сүрөт ушул күнгө чейин табыла элек.