ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырдыБШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салды
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат
21.10.2025 | 14:14

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 17-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзамдын негизинде:
- I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар,
- ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери жана камкорчулары
мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулат.
Бул чара төмөнкү максаттарды көздөйт:
- мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сот аркылуу укуктарын коргоону жеңилдетүү;
- оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн азайтуу;
- социалдык адилеттүүлүктү жана адилет сотко бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.