Министрлик мектептерде стоматология бөлмөлөрүн ачуу пландоодо

Кыргызстанда мектептерде стоматология бөлмөлөрүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.
Байдавлетов өлкөдө жаш балдар арасындагы кариес олуттуу көйгөй экенин билдирди. Статистикага ылайык, 2 жаштан 6 жашка чейинки балдардын 79%дан 100%га чейинкилеринин тишинде кариес бар. Ал эми 18 жашка чейинки балдардын 94,8%ынын тиштеринде кариес бар.
Ошондой эле Каарманбек Байдавлетовдун айтымында, өлкөдө балдар стоматологиясы боюнча иш алып барган клиникалар өтө аз. Мындан улам былтыркы жылы Бишкекте жана Ошто мамлекеттик стоматологиялык поликлиникалар ачылган.
Мындан тышкары орун басар мектептерде стоматологиялык бөлмөлөрдү ачуу пландалып жатканын билдирди.
“Учурда бул боюнча Агартуу министрлиги менен иш алып барып жатабыз. Ар бир мектепте стоматологиялык поликлиникаларды ачуу максат кылуудабыз. Муну 2026-2027-окуу жылында ишке ашырууга камданып жатабыз. Учурда министрлик менен бул үчүн канча штат керек, канча баланы, канча мектепти камтый алабыз деп эсептерди жүргүзүп жатабыз”,- деп билдирди ал.
Байдавлетов мындай бөлмөлөр алгач чоң мектептерде ачыларын билдирди. Ошондой эле мектептерге кантип тиш ооруларын алдын алуу керектиги тууралуу окутуу программалары да киргизилерин кошумчалады.