Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Россия блогер Илья Варламовду “террористтер жана экстремисттер” тизмесине киргизгени айтылууда
22.10.2025 | 10:25

Россиянын каржы мониторинг кызматы (Росфинмониторинг) белгилүү блогер Илья Варламовду расмий түрдө “террористтер жана экстремисттер” тизмесине кошту. Маалымат мекеменин расмий сайтында жарыяланган.
Буга чейин, август айында Москвадагы Мещан соту Варламовду армия тууралуу “фейктер” үчүн сырттан 8 жылга эркинен ажыраткан жана 99,5 млн рубль айып салган.
Сот блогерди “саясий жек көрүү негизинде жалган маалымат таратканы” жана “чет элдик агент катары милдеттерин аткарбаганы” үчүн күнөөлүү деп тапканы айтылууда.
Белгилүү болгондой, айыптоолор Варламовдун YouTube каналындагы материалдарына негизделген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом