Улуу Британиянын ордуна Швейцария: Кыргызстандын экспортунун географиясы кандай өзгөрдү?Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалдыОш шаарында курулуп жаткан «Келечек» базары мартта пайдаланууга берилетЖылдын башкы интригасынын көшөгөсү ачылды: MBANK’тан ким батир утуп алды?«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болотБШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыратты
Бишкекте бир суткада 50 айдоочу айдоочулук күбөлүксүз унаа башкарганы үчүн кармалды
22.10.2025 | 11:40

Борбор калаада 21-октябрдан тарта башталган ири рейддин алкагында бир эле сутка ичинде 50 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейд жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана эрежелерди бузуу учурларын алдын алуу максатында өткөрүлүүдө. Кызматкерлер жолдорду убактылуу тарытуу ыкмасын колдонуу менен транспорт агымын көзөмөлдөөнү күчөткөн.
Бир сутка ичинде төмөнкү мыйзам бузуу учурлары катталган:
- 12 айдоочу — мас абалында унаа башкарган;
- 18 айдоочу — уруксатсыз терезе тон кылган;
- 8 айдоочу — автоээнбаштык аракеттер менен жол эрежесин атайылап бузган;
- 50 айдоочу — айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган;
- 51 жөө жүргүнчү — жолдон уруксатсыз өткөн.
Мындан тышкары, ар кандай мыйзам бузуу себептери менен 324 унаа айып токтотуучу жайга коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом