Шайлоо-2025: Кыргызстанга ЕККУнун байкоо миссиясынын өкүлдөрү келди

Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоо миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич менен жолукту. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Делегациянын курамына миссиянын жетекчисинин орун басары Димитра Йоанну (Греция), ошондой эле Словакия, Италия, Түркия, Сербия, Польша жана Белоруссиядан келген шайлоолор жана шайлоо технологиялары боюнча аналитиктер кирген.
Тамаш Месерич байкоо миссиясынын тобу Кыргызстанга толук курамда келгенин билдирген. Кийинки аптанын башында өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо процесстерине байкоо жүргүзө турган 30 узак мөөнөттүү байкоочу ишке киришет.
Тынчтык Шайназаров келген делегацияга Кыргызстандагы шайлоо системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берген. Ошондой эле ал жаңы шайлоо системасы өлкөнүн бардык аймактарынын парламентте адилеттүү өкүлчүлүгүн камсыз кыларын, гендердик тең салмактуулукту сактоого жана жарандардын конституциялык укуктарын аралыктан добуш берүү аркылуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин белгилеген.
Жолугушууда делегацияга аралыктан добуш берүү жабдууларынын иши жана добуш берүү процесси көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары БШК Кыргызстан тарабынан ЕККУга мүчө өлкөлөргө шайлоо мезгилинде 300гө жакын кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөтүү боюнча суроо-талап жиберилгенин билдирди.