ИИМ сексуалдык ыдык үчүн камакка алуу жазасын киргизүүнү сунуштады

Кыргызстанда сексуалдык ыдык көрсөткөн адамга айып пул салуу же камакка алуу жазасы каралган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорду Ички иштер министрлиги иштеп чыккан.
Мыйзам долбоордо Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине «Ыдык» беренесин киргизүү каралган.
“Коомдук жайларда башка адамдын макулдугусуз жасалуучу, максаты бар жана башка адамдын кадыр-баркынын бузулушуна алып келген жана ал үчүн коркутуп-үркүтүүчү, кастык кылуучу, кемсинтүүчү же кемсинтүүчү жагдайды түзгөн сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” болгон учурда жеке жактарга 20 миң сом айып пул салынат же 3 суткадан 7 суткага чейин камакка алынат.
Бул жерде сексуалдык жүрүм-турумга төмөнкүлөр кирет:
- сексуалдык мүнөздөгү ачык сөздөрдү колдонуу же эскерүү,
- жыныстык органдарды көрсөтүү,
- сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер: каалабаган тийүү, кысуу, сылоо, чымчуу)
- адепсиз материалдарды (сүрөттөр, видео же аудио), анын ичинде мессенджерлер же интернет аркылуу жөнөтүү.
Эгерде мындай аракеттер мурда “ыдык” беренеси менен жоопкерчиликке тартылган адам тарабынан бир жыл ичинде кайталанып жасалган болсо, анда ал 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Бул берене Кылмыш-жаза кодекстин 158-берене боюнча квалификацияланган он алты жашка чыга элек адамдарга карата жасалган аракеттерге жайылтылбайт.
Маалыматка ылайык, бул мыйзам долбоору жарандардын жеке кол тийбестигин камсыз кылуу, ар-намысын, кадыр-баркын жана психологиялык бейпилдигин коргоо, ошондой эле коомдук жайларда сексуалдык мүнөздөгү ыдык көрсөтүүлөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.