Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Ошто өрттөн 5 баласы менен каза болгон аялдын күйөөсү Түштүк Кореяда иштеп жүргөн
22.10.2025 | 11:58

Ош шаарында 22-октябрда эртең менен чыккан өрттүн кесепетинен 34 жаштагы аял жана анын беш баласы каза болду. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык боюнча жаңы маалымат жарыялады.
Маалыматка ылайык, үйдө оңдоо иштери жүрүп жаткан жана аба ырайынын сууктугуна байланыштуу электр жылыткычы иштетилген. Алдын ала божомол боюнча, өрт ошол жылыткычтан тутанган болушу мүмкүн.
Куткаруучулардын айтымында, үйдүн ээси — каза болгон аялдын күйөөсү — учурда Түштүк Кореяда эмгектенип жүргөн.
Өрт чыккан учурда үйдө аял жана анын 13, 11, 9, 6 жана 2 жаштагы балдары болгон. Баарынын жансыз денелери өрт өчүрүүчүлөр жеткенче табылган.
Өрттүн келип чыгуу себеби боюнча териштирүү иштери уланууда.