Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Царикаевдин сабалышы: Күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышы керек – мэр
26.10.2025 | 12:00

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев учурда ооруканада жаткан шаардык Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбековго (Царикаев) барып, анын абалы менен таанышты.
Шаар башчысы өзүнүн билдирүүсүндө зомбулуктун жана өз билемдиктин бардык түрүнө каршы экенин белгилеп, мындай окуялар мыйзам чегинде гана чечилиши керектигин баса белгиледи.
“Кандай гана зомбулук болбосун айыпталууга тийиш. Эгер кимдир-бирөөнүн мыйзам бузганы далилденсе, ал сөзсүз жазасын алышы керек”, — деди Бишкек мэри.
Учурда окуя боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте Мирлан Таалайбеков белгисиз 4 адам тарабынан ур-токмокко алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом