Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Ысык-Көл облусунда 140 млн долларлык экотехнологиялык завод курулат
27.10.2025 | 10:40

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы таштанды калдыктарын кайра иштетүүчү заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, төраганын айтымында, долбоор экологиялык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу максатында ишке ашууда. Завод Кытайдын “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” компаниясы жана кыргыз өнөктөштөрүнүн биргелешкен инвестициясы менен курулууда.
Баштапкы этапта Ак-Суу жана Балыкчы шаарларында күнүнө 600 тонна таштанды иштете турган электр станциялары салынат. Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 140 миллион долларды түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом