Улуттук Банк миң тонна алтынды сактай турган чоң кампага ээ болду — президент

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышып, мекеменин өлкөнүн каржы системасындагы өзгөчө ролун белгиледи.
Администрация кабарлагандай, мамлекет башчы өз сөзүндө жаңы имарат эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, заманбап коопсуздук системалары менен жабдылган жана миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган ири кампага ээ экенин билдирди.
“Эми Улуттук Банк өзүбүздүн алтынды гана эмес, чет өлкөлүк кардарлардын да алтынын сактап бере ала турган мүмкүнчүлүккө жетти”, — деди Жапаров.
Садыр Жапаров “Санарип сом” долбоорунун ишке ашуусу өлкөнүн төлөм системаларын ылдам жана коопсуз кылып, жарандар үчүн каржы кызматтарын жеткиликтүү кылаарын баса белгиледи.
Мындан тышкары, Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу, айлык маяналарды жогорулатуу жана жаш адистерди тартуу боюнча иш-аракеттерди колдоорун билдирди.