Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
БШК Атазовду Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тартты
28.10.2025 | 19:48

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда Шайлообек Атазовду №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты.
БШКнын маалыматына ылайык, анын негизги себептери төмөндөгүдөй:
- Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Атазов 2024-жылдан тартып уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары алдын алуучу каттоодо турган;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, ал 2024-жылдын 13-мартынан 29-ноябрына чейин өлкө чек арасынан тышкары жүргөн.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамдарына ылайык, бул шарттар талапкерликке мыйзамдуу тоскоолдук болуп саналат.
“БШКнын жумушчу тобунун корутундусунун негизинде талапкерди каттоодон баш тартуу чечими чыгарылган”,-деп жазылат БШКнын билдирүүсүндө.