МСК объекттердин видеокамераларына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө бердиБыйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат21-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катышты
Ашууларда кар: оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
04.11.2025 | 09:46

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-ноябрда саат 09:00гө карата Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу (саат 07:00дөн тарта) жана Ала-Бел (саат 05:10дон тарта) ашууларында, ошондой эле Суусамыр–Талас–Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда (саат 07:00дөн тарта) оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом