Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесси жөнөкөйлөштү

17.11.2025 | 15:04

Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процесси санариптешип, бир топ жеңил болуп калды. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев бүгүн, 17-ноябрда, өткөн апараттык жыйында билдирди.

Анын айтымында, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жол-жобосу санарип форматка өткөрүлүп, документтерди кагаз түрүндө берүү зарылчылыгы алынып салынган.

Ошондой эле айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга арызды кабыл алуу боюнча онлайн-сервис иштелип чыккан. QR-код жана банктык тиркемелер аркылуу кызмат акысын онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилген. Эми жарандар арызды 10 мүнөттүн ичинде берсе болот.

Мындан тышкары даяр айдоочулук күбөлүктү алуу убактысы 4 күндөн 1-2 күнгө чейин кыскартылганы айтылды. Күбөлүктү «Кыргызпочтасы» аркылуу үйгө жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Бул иш-чаралар «Кызмат», «Түндүк» ишканалары жана «Кыргыз почтасы» менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылган.

Scroll to Top