«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталды

17.11.2025 | 17:29

Агартуу министрлиги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында ачылган мектеп менен бала бакчага балдарды кабыл алуу башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 570 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп жана 140 орундуу эки кабаттуу бала бакча 15-ноябрда президен Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган.

Министрлик мектепке балдарды кабыл алуу жалпы тартипте жүргүзүлөрүн билдирди. Бардык каалоочулар түздөн-түз мектепке келип, зарыл документтер менен каттоодон өтө алышат.

Ал эми бала бакчага кабыл алуу үчүн электрондук каттоо ачылган. Ата-энелер мектепке чейинки курактагы балдарын https://mektep.edu.gov.kg/ сайт аркылуу каттай алышат. Бишкек шаары → Ленин району → №28 Билим берүү комплексин (Мамлекеттик резиденциясы) тандап, баланы электрондук кезекке коюу керек. 

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top