Айсулуу Мукашеванын иши: үч экс-судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилди

21.11.2025 | 19:05

Судьялар кеңеши зордукталып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жашар Айсулуу Мукашеванын ишин караган Бишкек шаардык сотунун үч экс-судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Бул тууралуу Судьялар кеңеши маалымдады.

Бүгүн, 21-ноябрда Судьялар кеңешинин жыйынында шаардык соттун жазык жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын экс-судьялары Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К.ны кылмыш жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү маселеси каралды. Мындай сунушту башкы прокурор Максат Асаналиев берген.

Аталган экс-судьяларга Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери менен айып тагылууда.

  • Коррупция;
  • Пара алуу;
  • Опузалап пара алуу;
  • Пара алууда ортомчулук кылуу;
  • Пара берүү;
  • Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу.

Судьялар кеңеши Башкы прокуратуранын сунушун канааттандырып, Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Ушул жылдын 29-сентябрында 17 жаштагы Айсулуу Мукашева эркек киши тарабынан зордукталып, андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 41 жаштагы А.А.К. кармалган.

Scroll to Top