Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолуктуПрезиденттике дагы бир талапкер: Акай Кыдыров БШКга арыз бердиМыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттериОш жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралуу
Ош шаарында айыл чарба жарманкеси өтөт. Дыйкандар чакырылат
21.11.2025 | 20:00

22–23-ноябрда Ош шаарында айыл чарба продукцияларынын жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Иш-чара Жибек Жолу базарынын алдында жана Т.Абакир уулу көчөсү менен Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
Мэрия жарманке бардык каалоочулар үчүн ачык экенин айтып, дыйкандарды жана өндүрүүчүлөрдү катышууга чакырды.
“Эмгегиңиздердин жемиштерин шаар тургундарына жана конокторуна туура баада сунуштап, өз өндүрүмүңүздөрдү кеңири таанытууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом