Журналист Ложниковдун мурдагы жубайы УКМКга чакырылды
Журналист Дмитрий Ложниковдун мурдагы жубайы УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу журналист өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Ложниковдун айтымында, анын мурдагы жубайынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
Буга чейин «Апрель» телеканалынын мурдагы жетекчиси, журналист Дмитрий Ложниковдун үйүндө тинтүү жүрүп, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилгени белгилүү болгон. Ал массалык башаламандыкка чакыруу беренеси менен суракка чакырылган.
Ложников өз билдирүүсүндө Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаев менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген.

Буга чейин «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырган деп шектелип кармалган.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Андан кийин Тергөө кызматына мурдагы Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жеткирилгени, ал эми Атазовдун кармалганы белгилүү болду.
Мындан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, Темирлан Султанбековдун ата-энеси жана сиңдиси суракка чакырылганы айтылууда.