Массалык башаламандыктарга чакырыктар — сурактан кийин камалгандардын жана үйүнө кеткендердин тизмеси

22.11.2025 | 22:29

Тинтүүлөр жана сурактар аяктагандан кийин укук коргоо органдары беш саясатчыны 48 саатка Убактылуу кармоочу жайга камады.

Буга чейин, 22 ноябрда, ИИМ Темирлан Султанбеков Кыргызстанда төңкөрүш тууралуу белгисиз адамга айтып жаткан видеону тараткан. Маалыматта аны массалык баш аламандыктарга чакырыктар боюнча иштин алкагында суракка алып келишкени айтылган.

Кийинчерээк Шайлообек Атазовдун, Адахан Мадумаровдун, журналист Дмитрий Ложниковдун, мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевадын, мурдагы Жогорку Кенеш депутаты Кубаныбек Кадырбековдун жана айрым саясатчылардын жакындарынын үйлөрүндө тинтүүлөр болгондугу маалым болду. Ошондой эле мурдагы финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеев да суракка алынып келген.

Сурактардан кийин укук коргоо органдары 48 саатка мурдагы Жогорку Кенеш депутаты Шайлообек Атазовду, «Социал Демократтар» саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, мурдагы президенттин уулу Кадыра Атамбаевди, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кайтаруучусу Дамир Мусакеевди жана «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматовду камады.

Раиса Атамбаева, Сыймык Жапыкеев, Адахан Мадумаров, ошондой эле Темирлан Султанбековдун атасы, апасы жана карындашы сурактан чыгып келишти.

Scroll to Top