Түштүк Корея менен Борбор Азиянын кызматташтык вектору: заманбап шарттарда ал канчалык актуалдуу жана жашоого жөндөмдүү?

22.12.2025 | 13:25

Түштүк Корея Республикасы менен Борбор Азиянын беш мамлекетинин ортосундагы өз ара аракеттенүү анчейин динамикалуу болбосо да салыштырмалуу туруктуу өнүгүүсү жана көптөгөн багыттар боюнча кызматташтыкты андан ары күчөтүүгө багытталгандыгы менен мүнөздөлөт. Борбор Азияда Россия, Кытай, АКШ же Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер сыяктуу алдыңкы державалардын саясий таасири ачык байкалганына карабастан, Түштүк Кореянын аймактагы өз демилгесин сактап калуу потенциалы жогору. Бул жагынан ал Япония жана Индия сыяктуу өлкөлөрдүн умтулуулары менен атаандаша алат. 

Түштүк Кореянын тышкы саясий стратегиясында Борбор Азия мамлекеттери негизги мааниге ээ багыт катары каралбайт, ал эми негизги басым Сеул менен Вашингтондун ортосундагы көп деңгээлдүү өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө жасалат. Ошого карабастан, Борбор Азия тышкы саясий демилгелерди ишке ашырууда экинчи же үчүнчү даражадагы мейкиндик катары бааланган шартта да, Түштүк Корея Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен болгон мамилелер системасын калыптандыруу жана байытуу мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарбай келет.

Учурда Корея Республикасы менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоодо жогорку технологиялар, IT жана санариптештирүү, медицина, ошондой эле энергетика жана «жашыл күн тартиби» менен курчап турган чөйрөнү коргоо концепцияларын илгерилетүүгө байланышкан тармактарда эң ири оң динамика байкалууда. Бара-бара өзгөрүп жаткан климаттык шарттарда энергетикалык потенциалды сактап калуу үчүн оптималдуу чечимдерди жигердүү издеп жаткан Борбор Азия республикалары үчүн Корея тарап сунуштаган энергетикалык демилгелер абдан жагымдуу тандоо болуп саналат. Мындан тышкары, Түштүк Кореянын энергетиктери сейрек кездешүүчү металлдарды казып алууга, атап айтканда, Борбор Азия республикаларынын кен байлыктарына бай болгон уранды жана бир катар минералдык жана углеводороддук ресурстарды иштетүүгө кызыкдар.

Кореянын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуусунун алкагында эки негизги стратегиялык багытты белгилеп кетүү маанилүү:

  1. “K-Silk ROAD” корей демилгеси (анын алкагында ресурстарды өздөштүрүү, энергетикалык инфраструктураны куруу жана «жашыл» концепцияларды кеңейтүү милдеттери ишке ашырылат);
  2. “Корея Республикасы – Борбор Азия” аянтчасы, бул «Борбор Азия +» форматынын Түштүк Кореялык варианты болуп саналат.

Бул эки багыт тең аймактагы күчөгөн атаандаштык факторун эске алуу менен ишке ашырылууда. Ошентип, Борбор Азия мамлекеттеринин энергетикалык, маалыматтык-технологиялык жана башка сырттан келүүчү колдоолорго болгон жогорку суроо-талабына карабастан, аймак менен кызматташуу тармагы абдан тыгыз. Бул секторлордогу түз атаандаштык дүйнөлүк саясатта жана экономикада үстөмдүк кылган державалар — Россия, АКШ, Евробиримдик (жана анын айрым өлкөлөрү) жана Кытайдын тышкы саясий демилгелеринен келип чыгууда. Жалпысынан алганда, аталган тараптардын бардыгы кыйла эле көп демилгелерди ишке ашырышат. Ал эми алардын ар бири өз алдынча кен байлыктарды казып алуу, отун ресурстарын иштетүү жана энергетикалык инфраструктура объекттерин куруу маселелери менен алектенген Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөктөштөрүнүн рейтингинде жогорку позицияны ээлейт. Корея Республикасы үчүн мындай жагдай стратегиялык маневр жасоо мүмкүнчүлүгүн кыйла тарытат. Бирок, буга карабастан Сеул Борбор Азия менен өнөктөштүк байланыштарды кыскартпай, тескерисинче, рационалдуу жана терең ойлонулган механизмдерди колдонуу менен аларды интенсивдештирүү жана институтташтыруу чечимин кабыл алууда.

Сеулдун Борбор Азиядагы тышкы саясий позициясы анчалык ыңгайлуу болбосо да, жемиштүү кызматташууга умтулгандыгынын ачык мисалы — 2025-жылдын декабрь айынын экинчи жарымында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламент жетекчилеринин үчүнчү отурумунун Биргелешкен декларациясынын кабыл алынышы. Пленардык жыйындардын алкагында алты өлкөнүн өкүлдөрү экономикалык кызматташтык, санариптик экономиканы өнүктүрүү алгоритмдерин иштеп чыгуу, чакан жана орто бизнести колдоо, экологиялык мыйзамдарды өркүндөтүү жана башка алдыңкы демилгелерди талкуулашты.

Мындан тышкары, ушул жылдын ортосунда Кыргызстандын борборунда эки күн бою Корея Республикасынын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлорунун II Форуму болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө “Корея Республикасы – Борбор Азия” кызматташтык форумунун катчылыгынын аткаруучу директору Ри Джонг Кук аймак өлкөлөрү менен авиакаттамдарды активдүү өнүктүрүүнүн, технология жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Чыгыш жана Борбор Азия ортосундагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштарды чыңдоо жаатындагы тышкы саясий максаттарды ишке ашыруунун келечектүү багыттары жөнүндөгү бөлүмдү жыйынтыктап жатып, Түштүк Корея бийлиги өзүнүн таасир этүү чөйрөсүн кеңейтүү стратегиясында ырааттуу жана эсепчил экени тууралуу тыянак чыгарууга болот. Сеул Борбор Азиянын экономикалык жана саясий мейкиндигин өздөштүрүү үчүн өзүнүн күчүн, мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарын ачык баалай алат, буга түштүк кореялык тарап күчтүү болгон конкреттүү өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүнүн тандалып алынганы далил болуп саналат. Түштүк Корея стратегиялык кызыкчылыктардын орбитасын кеңейтүү үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрү бар таасирдүү держава болбосо да, Борбор Азия мамлекеттери үчүн маанилүү болгон багыттар боюнча кызматташуу форматтарын сунуштоо менен алардын өнөр жай жана инфраструктуралык өнүгүүсүнүн так  аспектилерине кошулууга аракет кылууда. Муну менен ал өз ара пайдалуу байланыштарды сактап калууга болгон кызыкчылыкты арттырууда.

Бирок, Борбор Азия менен өнөктөштүк орнотууга умтулган тараптардын ичинен Түштүк Корея гана маневр жасоодо чектелген эмес экенин белгилей кетүү керек. Жогоруда айтылгандай, Сеул Япония менен да бирдей атаандаша алат. Япония да технологиялык өнүгүүсү менен белгилүү жана Корея Республикасы сыяктуу эле Борбор Азия мейкиндигине карата региондон тышкаркы эл аралык мамилелердин актору болуп саналат. Токионун да Сеул сыяктуу «Борбор Азия +» форматындагы өзүнүн кызматташтык форуму бар, атүгүл бул форматты 2004-жылы алгачкылардан болуп япон тарап түзгөн. Япония да Корея Республикасы сыяктуу аймак өлкөлөрү менен окшош багыттарда (энергетика жана энергетикалык инфраструктура объекттерин куруу, технологиялар, экономикалык өнүгүү жана ресурстарды казып алуу, декарбонизация ж.б.) кызматташууга умтулат жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн актуалдуу болгон көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүк форматтарын ырааттуу жана эсепчил түрдө ишке ашырып келет.

Сеулга региондон тышкаркы атаандаштыкты Индия да активдүү көрсөтүүгө даяр. Индия акыркы убактан бери «Индия – Борбор Азия» диалогунун алкагында Борбор Азияга карата өзүнүн глобалдык демилгелерин ишке ашырууда. Индиянын кызматташтык багыттары япон жана түштүк кореялык багыттарга дээрлик окшош жана аймакта таасир этүүгө умтулган тараптын артыкчылыктары бар, сапаттуу кызматтарды жана жардамдарды көрсөтө алган чөйрөлөрдү аныктоо менен мүнөздөлөт.

Дүйнөлүк экономиканын флагмандары болгон Россия, Кытай, АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрүн эске албаганда, атүгүл «экинчи эшелондогу» региондон тышкаркы оюнчулардын деңгээлинде сакталып жаткан атаандаштык фактору Сеул үчүн Борбор Азиядагы өзүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган зарыл чечимдерди кабыл алууга кошумча стимул болушу мүмкүн. Эгерде жарыяланган демилгелер ийгиликтүү ишке ашса, Түштүк Корея Борбор Азия мамлекеттери менен көп тараптуу саясий жана экономикалык байланыштын туруктуу жана атаандаштарынан кыйла алдыда болгон конъюнктурасын курууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул маселеде көп нерсе Корея Республикасынын жетекчилиги аймак менен өз ара аракеттенүүнүн оптималдуу тышкы саясий моделин кандайча түзөөрүнө байланыштуу болот. Мында Кытай менен болгон антагонизмди (Кытайдын БА республикаларына таасири кыйла чоң), Россия менен болгон мамиледеги этияттыкты (Сеулдун Москвага каршы санкцияларга кошулуу саясатына байланыштуу), ошондой эле Евробиримдик өлкөлөрү жана АКШ менен геосаясий позициялардын өнөктөштүгүн жана окшоштугун эске алуу зарыл. Бир нерсени так жана кескин айтууга болот — Сеул Борбор Азия менен байланыш түзүүгө өтө кызыкдар.

Дастан Токольдошев

Scroll to Top