Арашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Чүй облусунун Арашан айылындагы Стрельников атындагы мектепте бешинчи класстан тогузунчу класска чейинки окуучулар жумасына бир-эки саат информатика сабагын өтүшөт. Аларга информатика сабагын 30 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенген, 53 жаштагы Болотбек Кулмирзаев берет. Болотбек агай айылдык мектепке информатика мугалими жок экенин билгенден кийин келген. Окуучулардын маалыматтык технологиялар дүйнөсү тууралуу тереңирээк билишине жардам берүү үчүн ал заманбап санариптик инструменттерди колдонот жана өзүнүн көндүмдөрүн өркүндөтүү менен алектенет.

“Мен пенсияга чыкканга чейин сабак берем”
Болотбек агайдын кесиптик жолу 1995-жылы башталган. Ал КУУнун “Информатика жана колдонмо математика” адистигин аяктагандан кийин, Илимдер академиясынын түштүк филиалында жумушка орношуп, ал жерде илимий изилдөөлөр үчүн маалыматтык технологиялар жана программалык камсыздоону колдоо боюнча иштеген. Ошол эле учурда ал “Мээрим” балдар билим берүү борборунда да компьютердик сабаттуулук жана графиканын негиздерин окуткан. Кийинчерээк эл аралык долбоорлордун алкагында мугалимдерди жана дарыгерлерди компьютер менен иштөөгө үйрөткөн. Ар кайсы жылдар аралыгында ал жеке компанияларда IT-адиси болуп иштеп, ишкердик менен да алектенген.
Ал эми мугалимдик кесипке Болотбек Атамырзаевич бир нече жыл мурда, үй-бүлөсү менен Арашан айылына көчүп келгенден кийин, кайтып келген. Айтымында анын улуу баласы окуп жаткан айылдын мектептебинде информатика мугалими жок болуп чыккан.
“Уулум: “ата, бизге келип сабак бербейсизби?” – деп сурады. Мен ойлонуп, макул болдум. Азыр мугалимдиктен тышкары, бешинчи жана алтынчы класстын окуучуларына информатика ийримдерин өткөрүп жатам. Мен өз кесибимди жакшы көрөм жана пенсияга чыкканга чейин иштөөнү пландап жатам”, – дейт агай.

Эгер мен бир нерсени баштасам, аны “бешке” аткарам”
Болотбек Кулмирзаевдин айтымында, мугалимдин милдети – билим берүү гана эмес, тынымсыз өнүгүү, өз жөндөмүн жана окутуу ыкмаларын өркүндөтүү болуп саналат. Ал 7-класстын окуучуларына Python программалоону үйрөтүп жаткандыктан, бул жаатта жаңы нерселерди билүүгө кызыкдар.
Мугалим социалдык медиа аркылуу Яндекстин информатика мугалимдери үчүн акысыз онлайн курсу тууралуу кабар алган. Программа үч багытты камтыйт: “Нейротармактар”, “Python: негиздери” жана “Python: тажрыйба”.
“Курсту каалаган ыңгайлуу убакта өтүүгө болот, бул жумушу көп мугалимдер үчүн маанилүү. Теориялык материал эч кандай майда-чүйдөсү жок, жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде берилген. Практикалык бөлүмдө автоматтык текшерүү менен 100дөн ашык тапшырма камтылган. Тапшырмалар жакшы ойлонулган жана чексиз сандагы аракет менен ар кандай жолдор аркылуу чечүүгө болот. Программа чындап эле пайдалуу болду. Мен Python боюнча билимимди системалаштырып жана кеңейте алдым. Ал эми нейротармак боюнча багыт мага мурда үстүртөн гана билген жасалма интелект (ЖИ) ишинин принциптерин түшүнүүгө жардам берди. Азыр мен тапшырмаларды, презентацияларды жана класстын окуучуларынын иштерин түзүү үчүн GPT моделдерин колдоном, ошондой эле балдарды нейротармактар менен тааныштырам. Окуу учурунда мен көп учурда курстун платформасындагы Python маалымат булагына кирип, конспекттерди жазып, бардык маселелерди чечүүгө аракет кылчумун. Мага кызык болуп, андан кумарлана баштадым: мен максималдуу упай топтогум келди. Эгер мен бир нерсени баштасам аны “бешке” аткарам”, – деп билдирди мугалим.
“Тапшырмаларды уулум менен бирге аткардык”
Программага катышуу үчүн Болотбек Атамырзаевич июль айынын башында катталып, бир айдын ичинде бүт курсту аяктаган. Ал компьютерде кечкисин отуруп иштеген.
“Үй-бүлөбүздө кубанычтуу окуя болду – үчүнчү уулдуу болдук. Баланы кароо үчүн түнкүсүн туруш керек болчу, ал эми курстар уктап калбоого жардам берчи” – деп тамашалайт, балдардын атасы.
Болотбектин улуу баласы 14-17 жаштагы окуучулар үчүн Яндекс программалоо мектебин бүтүргөн. Ал өткөн жылы колледжге окууга тапшырганда, бул курсту ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификат ага артыкчылык берген.
“Мен курстарга катышканда, уулум экөөбүз маселелерди өзүнчө бөлмөлөрдө олтуруп алып чеччүбүз. Программанын башында тапшырмалар бир топ оңой, бирок акырында алар татаалдашып – атүгүл тажрыйбалуу программист үчүн да терең ойлонууну талап кылат. Мен мугалим катары маселелерди балдар түшүнүшү үчүн жөнөкөй ыкма менен аткарам. Ал эми балам тескерсисинче татаалыраак коддорду жазып жатты. Бул ага абдан пайдалуу болду, анткени ал программалоого чындап кызыгат”, – дейт мугалим.

“Адам капиталы – негизги ресурс”
Мугалим өз ишинде алган теориялык жана практикалык тажрыйбасын активдүү колдонот. Курс аяктагандан кийин да даяр окуу материалдары жеткиликтүү бойдон калат, андыктан ага каалаган убакта кайрылып келүүгө болот. Платформада ошондой эле мектеп окуучуларын программалоо боюнча курска ылайыкташтыруу үчүн каттап койсо да болот.
«Мектептеги сабак болгону 45 мүнөткө созулат. Бул убакыттын ичинде мен теорияны түшүндүрүп, тапшырмаларды берип, окуучулардан пикирин билип жетишишим керек. Мындай шарттарда окуу процессин натыйжалуу түзүү маанилүү. Онлайн-курстар окуу программасын колдонуучуга ыңгайлуу жана түшүнүктүү кылды жана ошондой эле окуучуларды олимпиадага даярдоо үчүн практикалык тапшырмалар менен камсыздады”, – деп кошумчалайт мугалим.
Анын баамында, мугалимдердин маалыматтык технологиялар жаатындагы компетенттүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Анткени бул кызыктуу сабактарды өтүүгө жана билимди жеткиликтүү формада берүүгө шарт түзөт. Дал ушул билим берүү жана квалификациялуу адистерди даярдоо адамдык капиталды көбөйтүп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жол ачат.