Саламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирдиРоссияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилдиБишкек 2026-жылы жаштар арасындагы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алатКыргызстандын ооруканалары жана бейтапканалары 1-январдан 9-январга чейин кандай иштейт? ГрафикРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылоонун көлөмү боюнча тарыхый чекке жеттиКазакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка» өткөрүү пункту 30-декабрда ишин убактылуу токтотот
Кыргызстандын ооруканалары жана бейтапканалары 1-январдан 9-январга чейин кандай иштейт? График
30.12.2025 | 12:11
КР Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылдын 30-декабрынан 2026-жылдын 9-январына чейинки аралыкта медициналык жардамдын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн республиканын медициналык мекемелери иштөөнүн өзгөчө графигине өткөнүн билдирет.
2025-жылдын 30–31-декабры:
Бардык саламаттык сактоо уюмдары күчөтүлгөн тартипте иштейт. Медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөтү жана кызматтардын шашылыш жана кечиктирилгис жардам көрсөтүүгө толук даярдыгы каралган.
2026-жылдын 1–9-январы:
- Стационардык жардам: Кечиктирилгис жардам күнү-түнү көрсөтүлөт. Шашылыш жаткыруу (госпитализация) үчүн орундардын резерви даярдалып, дары-дармектердин, медициналык буюмдардын жана кан компоненттеринин зарыл кору түзүлдү.
- Амбулатордук деңгээл (ҮДБ, ҮДТ, ЖДПБ): Үй-бүлөлүк дарыгерлердин, медайымдардын жана кабылдамалардын (регистратура) саат 08:00дөн 18:00гө чейин нөөмөтү уюштурулду. Процедуралык кабинеттер саат 14:00гө чейин иштейт.
- Шашылыш кызматтар: Республика боюнча Тез жардам кызматы, санитардык авиация, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери жана лабораториялар дем алышсыз, күнү-түнү иштөөнү улантат.
Саламаттык сактоо министрлиги тутумдун медициналык жардамды толук көлөмдө көрсөтүүгө даяр экенин тастыктайт жана жарандарды зарыл болгон учурда тармактык саламаттык сактоо уюмдарына өз убагында кайрылууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом