Билимди баалоо борбору: ЖРТ тапшыргандар кыргыз тилин ортодон жогорку деңгээлде билишет

12.01.2026 | 16:35

2025-жылы Жогорку республикалык тест (ЖРТ) тапшырган абитуриенттердин 76%ында көбү мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) ортодон жогору жана жогорку деңгээлде билишет. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун 2025-жылы өткөн ЖРТнын жыйынтыктары тууралуу отчётунда айтылды.

Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик тил боюнча тестке жалпысынан 57 миң 305 абитуриент катышкан. Анын ичинен 32 миң 247 абитуриент негизги тестти кыргыз тилинде, ал эми 25 миң 58и орус тилинде тапшыргандар болгон.

Жалпы жыйынтык боюнча абитуриенттердин 52,6%ы (30 168) кыргыз тилин орто деңгээлде, ал эми 23,8%ы (13 633) жогорку деңгээлде билишет. Мындан тышкары 21,9%ы орто деңгээлде, ал эми 1,7%ы ортодон төмөн деңгээлде билет.

  • Негизги тестти кыргыз тилинде тапшыргандардын 55%ы (17 877) мамлекеттик тилди ортодон жогору, ал эми 33,7%ы жогорку деңгээлде билет. Ошондой эле 3 миң 450 абитуриент орто, 73ү ортодон төмөн деңгээлде билет.
  • Негизги тестти орус тилинде тапшыргандардын 49%ы мамлекеттик тилди ортодон жогору, ал эми 11%ы жогорку деңгээлде билет. Ал эми 9 миң 96 абитуриент орто, 885и ортодон төмөн деңгээлде билет.

Натыйжада ЖРТга катышкан абитуриенттер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билет деп бааланды.

2024-жылдан бери абитуриенттер жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн мамлекеттик тил боюнча тесттен өтүшү керек. Тесттин жыйынтыктары ЖОЖдорго тапшыруудагы конкурстук тандоого таасир этпейт, бирок тест тапшырбагандар ЖРТнын сертификатын ала алышпайт.

Scroll to Top