Айдоочулук күбөлүктү алууда экзамендерди эми жасалма интеллект кабыл алат

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев учурда агартуу министрлиги тарабынан автомектердин жаңы окуу стандарттары жана пландары бекитилгенин билдирди.
Анын айтымында, айдоочулук күбөлүктү алууну каалагандар үчүн арыз берүү процесси санариптештирилди. Эми арыздарды «Түндүк» порталы аркылуу электрондук түрдө берүүгө мүмкүн болот.
Ошол жерге өзүңөрдүн аты-жөнүңөр менен арыздарды таштайсыздар. Андан кийин автоматтык түрдө “ушул күндөн баштап, ушул автомектепке барып окуйсуң” деген билдирүү келет”,- деди ал.
Экзаменде жасалма интеллект колдонулат
Каныбек Туманбаев ошондой эле экзамен алуу процессинде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн адамдык фактор чектелерин билдирди. Анын айтымында, экзамендерди жасалма интеллект кабыл ала баштайт.
“Биз айткандай эле, эми сынактарды жасалма интеллект өзү кабыл алат. Мурда тестте 750гө жакын суроо болсо, азыр алардын саны 2000ге жетти. Окуп, даярданган жарандар үчүн тапшыруу жеңил эле болот”, — деп билдирди иш башкаруучу.
Бул реформа айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатууга жана жол коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.