Бишкекте Кыргызстан менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Эмне талкууланып жатат?

02.02.2026 | 16:13

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин (ИУА) аянтчасында АКШнын алдыңкы компанияларынын жетекчилеринин жана КР мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки күндүк жолугушуулар башталды. Бул тууралуу ИУАнын басма сөз кызматы билдирди.

Америкалык делегациянын курамына АКШ менен Кыргызстандын Ишкер кеңешинин, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча каржылык корпорациясынын (DFC), ошондой эле дүйнөлүк рыноктун ири оюнчулары: GE Healthcare, Pfizer, Abbott, Nasdaq жана StoneX өкүлдөрү кирди. Сүйлөшүү процессине логистика, транспорт жана технологиялар секторунун компаниялары, анын ичинде All American Rail Group, TETHYS: Trans-Eurasian Gateway, Pangea-Global LLC, ошондой эле Cove Kaz Capital Group, Mooney Group жана Equion Group инвестициялык топтору тартылган.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо, инфраструктура, транспорт, билим берүү жана каржы рыноктору чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашууда. Кыргызстандын тармактык мекемелери заманбап технологияларды киргизүү жана логистикалык каттамдарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Билим берүү демилгелеринин блогу Невада университетинин жана Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңештердин катышуусу менен сунушталды.

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүнүн жыйынтыгында, 3-февралда кызматташтык жөнүндө меморандумдардын топтомуна кол коюу пландалууда.

Scroll to Top