БАЭ: Кыргызстандын эл аралык байланыштарынын жаңы багыттары

05.02.2026 | 14:11

Кыргызстандын министрлер Кабинетинин төрагасынын Бириккен Араб Эмираттарына болгон сапары жана Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуусу Кыргызстан үчүн эл аралык өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Сапардын алкагында дүйнөнүн 35тен ашык мамлекетинин жетекчилери, өкүлдөрү жана делегациялары менен жолугушуулар өтүп, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулоого шарт түзүлөт.

Дүйнөлүк өкмөттөр саммити — бул жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык иш-чара болуп, анда саясат, экономика, IT тармагы жана инновацияларга байланыштуу маанилүү маселелер талкууланат. Дубай шаарында өтүп келген бул саммит 2013-жылдан бери дүйнөдө жаралып жаткан көйгөйлөргө технологиялык чечимдерди табуу үчүн мамлекеттердин тажрыйба алмашуусуна мүмкүнчүлүк берип келет.

Саммиттин негизги максаттарынын бири — заманбап чакырыктарга тез жана натыйжалуу жооп бере алган жаңы муундагы өкмөттөрдү калыптандыруу.

Кыргызстан үчүн мындай деңгээлдеги иш-чарага катышуу климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, экологияны коргоо, энергетика тармагын өнүктүрүү, ошондой эле экономикадагы жана өндүрүштөгү маанилүү тармактарда инженердик жана маалыматтык технологияларды жакшыртуу сыяктуу маселелерди чечүүгө жардам бериши мүмкүн.

Ошондой эле өкмөт жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн сүйлөшүүлөр Кыргызстандын чет өлкөлөр менен гуманитардык, каржылык жана соода-логистикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, эл аралык байланыштар аркылуу инвестиция тартуу маселеси да маанилүү. Кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол коюу жана келечекте ири технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишүү саммиттин негизги жыйынтыктарынын бири болушу мүмкүн.

Жалпысынан алганда, дүйнөдө ресурстар, технологиялар жана билим үчүн атаандаштык күчөп жаткан шартта, мындай эл аралык көп тараптуу аянтчаларга катышуу туруктуу өнүгүүнү көздөгөн мамлекеттер үчүн абдан маанилүү. Бул багытта Кыргызстан да активдүү позицияны карманып келет.

Дастан Токольдошев

Scroll to Top