Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Михаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди
15.02.2026 | 11:00

Казакстандык фигурист Михаил Шайдоров Миландагы кышкы Олимпиадада эркектер арасындагы жеке программада алтын медалга ээ болду. 21 жаштагы спортчу эки программанын жыйынтыгы менен 291,58 упай (92,94 + 198,64) топтоп, биринчи орунду ээледи.
Спортчу өзүнүн программасын казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин чыгармасынын коштоосунда аткарды.
Бул жеңиш Казакстандын тарыхында спорттун бул түрү боюнча Олимп оюндарындагы алгачкы алтын медаль болуп калды. Буга чейин, 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада маркум спортчу Денис Тен коло медаль утуп алган.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча күмүш медалды жапониялык Юма Кагияма (280,06 упай), ал эми коло медалды анын мекендеши Сюн Сато (274,90 упай) алды.
Милан жана Кортинадагы кышкы Олимп оюндары 22-февралда аяктайт.