Ошто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылдыЭки күн ичүүчү суусуз: Бишкекте 21- жана 22-апрелде пландык өчүрүүлөр болотБишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?
Блогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышат
16.02.2026 | 15:22

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен блогерлер Sary Kyz (Лариса Булина) жана Argen Sigma (Арген Керимов) менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Фонддун маалыматында, кызматташуунун алкагында өлкөнүн туристтик маршруттары жана локациялары тууралуу контент даярдоо, пресс-турларга, эл аралык көргөзмөлөргө, форумдарга жана PR-кампанияларга катышуу пландалууда.
Фонд блогерлерге маалыматтык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт. Блогерлер өз аудиториясына өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, тармактык демилгелерге катышат.
Бул өнөктөштүк Кыргызстандын туристтик потенциалын медиа мейкиндикте жана социалдык тармактарда илгерилетүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом