Жылдын башкы интригасынын көшөгөсү ачылды: MBANK’тан ким батир утуп алды?
Бишкекте жылдын эң масштабдуу банктык акцияларынын бири жыйынтыкталды. 15-февралда “Азия Молл” соода-оюн-зоок борборунда MBANK’тын “Сыйлыктар марафонунун” корутундусу чыгарылды. Жылдын башкы табышмагы — борбор калаадагы жаңы батир кимге буюрат деген суроо акыры чечилди.
Бактылуу жеңүүчү
“Борсан Констракшн” өнөктөшүнөн “Лофт” турак жай комплексиндеги бир бөлмөлүү батирдин ачкычына Максат Э. А. ээ болду. Жеңүүчү болуп жаткан окуяга дагы эле толук ишенбей жатканын моюнга алды.
“Сезимдерим аралашып турат, муну кийинчерээк толук аңдап жетсем керек. Мен жөн гана күн сайын тиркемени колдончумун: которууларды жасап, төлөмдөрдү жүргүзүп, MProfi менен MInvest’ти сынап, MMarket’тен товар издедим. Башкалар сыяктуу эле кадимки аракеттерди кылдым, жыйынтыгында Бишкектен батирлүү болуу кыялым орундалды”, — деп сезимдери менен бөлүштү Максат.

Сыйлоо аземи чоң майрамдык форматта өтүп, ага Freeman 996, Тамга жана Айдана Дека сыяктуу жылдыздар катышып, конокторго ыр-майрам тартуулашты.

Сандар жана масштаб
“Сыйлыктар марафону” төрт айга созулду. Анын башкы өзгөчөлүгү — толук санариптештирүү болду: кардарлар MBANK тиркемесиндеги тапшырмаларды аткаруу менен упай топтоп, алар тиркеменин ичинде эле утуш мүмкүнчүлүгүнө (шанска) айланып жатты.
Жалпы байге фонду 25 000 000 сомдон ашты. Банк жалпысынан 10 581 сыйлык ойнотту, алардын ичинде:
- 1 000 000 сомдук 10 сертификат;
- 500 000 сомдук 20 сертификат;
- 100 000 сомдук 50 сертификат бар.

Ачык-айкындуулук — башкы орунда
Банктан белгилешкендей, жеңүүчүлөрдү аныктоодо адамдык фактор толугу менен четтетилип, автоматташтырылган санариптик тутум колдонулган. MBANK’тын Башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев мындай долбоорлор биринчи кезекте ишеним тууралуу экенин баса белгиледи.

“Кимдир бирөө үчүн бул тиркемедеги жөн гана сандар болсо, бүгүн алар колдогу ачкычтарга айланды. MBANK үчүн мындай долбоорлор — бул жөн гана сыйлык эмес. Бул ачык-айкын санариптик экотутум жана адамдарыбыздын жашоосундагы реалдуу өзгөрүүлөр”, — деди ал.

“Марафондун” аякташы MBANK’тын масштабдуу санариптик демилгелерди ишке ашыруудагы лидерлигин дагы бир жолу тастыктады. Банк заманбап чечимдерди киргизүү жана кардарларына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча санариптештирүү стратегиясын улантууда.