Кыргызстандыктардын үчүнчү тобу Словакияга жумушка жөнөп кетти
Кыргызстандыктардын кезектеги тобу расмий түрдө ишке орношуу үчүн Словакияга учуп кетти. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан билдиришти.
Жөнөп кетер алдында талапкерлер милдеттүү түрдө даярдыктан өтүштү. Даярдоо программасы жарандардын маалымдуулугун жогорулатууга жана алардын чет өлкөдө иштөөгө ийгиликтүү ыңгайлашуусуна багытталган. Окутуунун жүрүшүндө адистер төмөнкүлөрдү деталдуу түрдө түшүндүрүп беришти:
- ишке орношуунун шарттары;
- кызматкерлердин укуктары жана милдеттери;
- Словакиянын эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү;
- өлкөдө жүрүү эрежелери.
Даярдоо процессинде негизги көңүл мыйзамдуу иш менен камсыз кылууга жана эмгек миграциясына байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу чараларына бурулду.
Бул демилге эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн алкагында ишке ашырылууда. Анын максаты — Кыргызстандын жарандары үчүн чет элдик эмгек рынокторунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат.