Улуттук валюталардагы эсептешүүлөрдүн 93%ы жана өнөр жайдын өсүшү ЕАЭБдин өнүгүүсүнүн башкы жыйынтыктары болду
17-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев «Россия бизнесинин жумалыгы – 2026» алкагында өткөн РСППнын (Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу) Интеграциялык форумуна катышты. Коллегия башчысы биримдиктин ишинин жыйынтыктарын чыгарып, бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Форумдун катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Бакытжан Сагинтаев 2020–2024-жылдар аралыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы ишенимдүү өсүштү көрсөткөнүн билдирди: ИДП (ВВП) 11%га, өнөр жай өндүрүшү 15%га, ал эми айыл чарба көрсөткүчтөрү 10%га жогорулаган. 2025-жылы негизги көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы сакталып калган.
Ички эсептешүүлөргө өтүү интеграциянын маанилүү жетишкендиги болду: «бешилтик» өлкөлөрүнүн ортосундагы соодада улуттук валюталарды колдонуу үлүшү 93%га жетти. Сагинтаевдин айтымында, бул цифралар евразиялык долбоордун актуалдуулугун жана бизнестин жөнгө салуучу органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун тастыктайт.
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинде интеграцияны реалдуу экономикалык долбоорлор менен толуктоо Комиссиянын ишинин негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Бул үчүн ЕЭК рыноктун суроо-талабына жооп берген кооперациялык долбоорлордун пулун түзүүдө.
Коллегия башчысы ошондой эле бизнестин операциялык кыйынчылыктарын чечүүдөгү ийгиликтерди белгиледи:
- 2025-жылы ишкерлерден түшкөн көйгөйлүү маселелердин 94%ы чечилген.
- Негизги кайрылуулар бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу жана тышкы соода чөйрөлөрүнө тиешелүү болгон.
Комиссия ЕАЭБ ишканаларынын тышкы рынокторго чыгышына шарт түзүү боюнча жигердүү ишин улантууда. 2025-жыл биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгү үчүн жемиштүү болду:
- Индонезия, БАЭ жана Монголия менен соода келишимдерине кол коюлду;
- Иран менен эркин соода аймагы жөнүндө толук форматтуу келишим күчүнө кирди;
- Индия менен сүйлөшүүлөр жигерденди;
- Тунис менен эркин соода жөнүндө келишим түзүүнүн максатка ылайыктуулугу изилденүүдө.