Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдү

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен Баткен облусунда жашаган төрт балалуу энеге алимент өндүрүлүп берилди. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь айында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага 34 жаштагы И.к.М. жардам сурап кайрылган. Арыз ээси жолдошу К.К.Ж. менен үч жыл мурда ажырашып, сот аркылуу алимент өндүрүү чечимин алганын билдирген. Кадамжай райондук соту балдардын атасына кирешесинин 50%ын төлөөгө милдеттендирген. Төрт балага жалпы 12 миң 594 сом эсептелген.
Эненин айтымында, жолдошу 2024-жылга чейин төлөмдөрдү жүргүзүп, ал эми 2025-жылы каражат жөнөтпөй калган. Текшерүүдө Орусияда иштеп жаткан К.К.Ж. каражат которгону, бирок аялдын банктык эсеби бөгөттөлгөндүктөн акча жетпей калганы аныкталган.
2025-жылга карата топтолгон карыз 151 миң 128 сомду түзгөн. Акыйкатчы институтунун көмөгү менен тараптар келишимге келип, карызды 15-мартка чейин толук төлөө милдеттендирилген. Балдардын атасы азыркы тапта 111 миң сом которгон.
Акыйкатчы институту 2025-жылы алимент өндүрүүгө көмөк сурап жалпы 56 кайрылуу келип түшкөнүн кошумчалады.