«Хезболла» Израилге чабуул жасады. Израилдин жооп иретиндеги соккуларынан Ливанда 31 адам каза болду

Бүгүн, 2-мартта, Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин Ливандагы «Хезболланын» аскердик жайларына жасаган авиасоккуларынын натыйжасында кеминде 31 адам каза болуп, 149 адам жаракат алганын билдирди.
Associated Press агенттигинин маалыматында, бул кол салуу Иран тарабынан колдоого алынган «Хезболла» тобунун Израилге жасаган чабуулунан кийин болгон. Каза болгондордун үчтөн эки бөлүгү Ливандын түштүк аймагында болгон.
Маалыматка ылайык, бул окуя АКШ менен Израилдин Иранга каршы аба соккуларын баштагандан кийин Жакынкы Чыгыштагы согуштун кеңейип жатканын көрсөтөт.
Ошондой эле бүгүн Иран Израилге жана араб мамлекеттерине ракеталык чабуулдарды жасаган. АКШ да Ирандагы объектилерге чабуул жасады.
Ирандын жогорку даражалуу коопсуздук кызматкери Али Лариджани социалдык тармактарда «Биз Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйбүз» деп билдирди.
Маалымат үчүн: Хезболла – Ливанда иш алып барган шииттик куралдуу уюм жана саясий партия. Ал Ирандын үлгүсү боюнча Ливанда ислам мамлекетин түзүүнү жактайт. «Хезболла» аскердик жихадды үгүттөп, практикада да колдонуп келет.